“Кыргызстан” фракциясынын эки депутаты мандатын тапшырды. Себеби

Кызматын тапшырган депутат мындан ары партиясынын күчүн бекемдеп, шайлоого даярдык көрө турганын айтат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырды. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстандын кабарчысына эл өкүлү Алмазбек Эргешов өзү тастыктады.

Ал күздө боло турчу парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн кызматтан кетип жатканын айтат.

“Биринчиден, биздин партиянын күчүн бекемдөө үчүн штабга барып иштеп, региондордо эки ай эл менен жүрөйүн деп чечтим. Партиялаштарым да жардам берүүнү сурангандыктан кеттим. Экинчиден, бизден кийинки тизмедегилер да депутат болсун дедим. Биз мыйзамдардын баарын кабыл алып, өкмөттүн отчётун кабыл алдык. Ара жолдо таштап кете турган иш калган жок азыр. Аркабызда турган адамдар деле бизден кем калышпай иштейт деп ойлойм. Партиялашым Жаныбек Исаев дагы мандатын тапшырды, ал себебин өзү айтат болушу керек”, — деди Эргешов.

Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур
Алмазбек Эргешов 2016-жылы ноябрь айында Таалайкүл Исакунова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалгандан кийин ордуна келген.

Ал эми Жаныбек Исаев 2018-жылдын июнь айында Исланбек Сарсейитовдун ордуна келип, мандат алган. Сарсейитов “Электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары кызматына которулган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү быйыл 30-июнда аяктап, Октябрь айында парламенттик шайлоо өтөт.