Үй-бүлөң менен паркта сейилдөөгө болобу? Мэриянын жообу

11-майдан тарта Кыргызстандын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими аяктады. Бирок өзгөчө кырдаал режими уланып, чектөөлөр ошол бойдон калды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өзгөчө абал режими аяктаганына карабай, парктарга сейилдөөгө уруксат берилбейт. Бул тууралуу брифинг учурунда шаар мэри Азиз Суракматов айтты.

Ага каалоочулар үй-бүлөсү менен сейил бактарга чыгуусуна мүмкүнбү деген суроо берилген.

"Өзгөчө кырдаал режими уланып жаткандыктан, парктарда сейилдөөгө бүгүнкү күндө уруксат берилбейт", — деди Суракматов.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1016га жетип, анын ичинен 688и айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Суракматов кызматтык күбөлүгү менен кимдер эркин жүрө аларын айтты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.