БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Борбор калаанын 12-кичи районундагы Аламүдүн суусунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Кечээ, 20-апрелде, Аламүдүн суусунун каналында болжол менен 40-45 жаштагы азиат тектүү адамдын сөөгү жатканы боюнча маалымат келип түшкөн. Ал жерге беш куткаруучу барды", — деп айтылган билдирүүдө.
ӨКМ кызматкерлери маркумду суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.