Исмаилова Кытайдан келген эксперттик топ менен жолугуп, пикир алмашты

Дарыгерлер өздөрү менен кошо 10 миң респиратор, 2 миң коргонуучу костюм жана жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек алып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Вице-премьер-министр Аида Исмаилова гуманитардык жардам ала келген Кытайдын медициналык эксперттик тобунун делегация мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанга Кытайдын медиктеринен турган топ өлкөдөгү коронавирус илдети менен күрөшүүгө көмөктөшүү үчүн келген

Дарыгерлер өздөрү менен кошо 10 миң респиратор, коргонуучу 2 миң костюм жана жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек алып келген.

"Өлкөнүн эгемендик алган учурунан бери карай жакын жана достук мамиледеги өлкөлөр жана эл аралык өнөктөштөр өлкөбүзгө колдоосун берип, көмөгүн көрсөтүп келүүдө. Мындай өлкөлөрдүн катарына Кытай  да кирет. Буга байланыштуу өлкөбүз үчүн кыйын кырдаалда көрсөтүлүп жаткан көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирип кетем. Кытай дүйнөдө алгачкы өлкөлөрдөн болуп коронавирустук инфекцияга туш болуп, кыйын учурду башынан өткөрдү. Ошол эле учурда кытай дарыгерлеринин коронавирус инфекциясына каршы күрөшүндө натыйжалуу жыйынтыктарды байкоодобуз", - деген Исмаилова.

Польша менен Кытайдан келген дарыгерлер кандай шартта иштээри айтылды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201и айыгып, жетөө каза болду. 140 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.