Өңгүрөп ыйлап... Дарыгер энеси менен бир айдан кийин көрүшкөн наристенин видеосу

Бир жумага эмгек өргүү алган аял дароо кызына жөнөгөн. Алардын жүрөк ооруткан жолугушуусун туугандары тартып алган.
Sputnik

Интернетке коронавирус эпидемиясына байланыштуу бир ай бою жумушунда жүргөн медик аялдын кызы менен жолугушуп, сагынычын тараткан видео жарыяланды. Кадрдан анын кичинекей кызы апасын кучактап, көз жашын тыя албай ыйлаганын көрүүгө болот. Энеси аны бооруна бекем кысып, соороткон.

Уханда жаш дарыгерлер оорукананын ичинен баш кошушту. Үлпөттүн видеосу
Ролик New York Post порталына жүктөлгөн.

Озге Кочак Түркияда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган клиникада иштейт. Ооруну жуктуруу тобокелдигин азайтуу үчүн алты жашар кызын башка шаардагы чоң апа, чоң атасыныкына жиберген.

Озгеге бир жумалык эмгек өргүү берилгенден кийин ал дароо баласына жөнөгөн. Алардын жолугушуусун туугандары тартып алган.