КР вирустан улам Кытай, Корея, Иран, Япониядан келгендерге карантин жарыялады

Кыргызстанда 500дөй адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Вируска чалдыккандар жок. Өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрүү жайлар күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызстан коронавируска байланыштуу Кытай, Түштүк Корея, Иран жана Япониядан келгендерге карантиндик тартип киргизди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине коронавирустун илдетин алдын алуу үчүн түзүлгөн ыкчам штаб билдирди.

Кыргызстанга бул өлкөдөн келгендер атайын жайларда 14 күн болушат. Штаб тизмеде вирус көп тарап жаткан Италия жок экендигин белгиледи. Азырынча бул өлкөгө карата чечим чыга элек.

2020-жылдын январь айынын этегинен бери Кыргызстанга эпидемиологиялык абалы курч мамлекеттерден келгендер милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүп, өлкө аймагына кирип жатышат.

Улуттук банк кредиттин пайыздарын көтөрдү. Себептери
Өкмөттүн маалымат кызматынан белгилешкендей, 24-февралга карата республикада коронавируска кабылгандар жок. Медициналык көзөмөлгө стационардык шартта 143 адам, жашаган жери боюнча 391 адам алынган. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл өткөрмө жайлар күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатат.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун маалыматы боюнча, Кытайда коронавируска 77 миң киши чалдыгып, эки миңден ашык адам көз жумду. Ал эми 27 миң бейтап сакайды.

Түштүк Кореяда 893 киши вируска чалдыгып, 22 адам каза тапты. Иранда ооругандардын саны 61, ал эми өлгөндөр 12ге жетти. Ал эми Японияда илдет жугузгандардын саны 160, айыккандар 22 жана көз жумгандар бирөө экени маалымдалды.

Италияда 229 адам вирус жугузуп, бир адам айыкканы кабарланды.