БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Слушаш Курманбекова менен Кордай районунун акими Болатбек Байтолени иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
"Жамбыл облусуна караштуу Кордай районундагы окуялардын кесепетинен адамдар каза болуп, турак үйлөр талкалангандыктан Жамбыл облусунун акими Аскар Мырзахметовго социалдык маселелер боюнча акимдин орун басары Слушаш Курманбекова менен Кордай районунун акими Болатбек Байтолени кызматтан бошотуу тапшырмасы берилди", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчысы ички иштер министри Ерлан Тургумбаевге болсо Жамбыл облусунун полиция департаментинин жетекчиси Арман Орозалиевди, ошондой эле Кордай районунун полиция бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Айхимбековду да иштен кетирүүнү тапшырган.