АКШ айрым кош бойлуу аялдарга виза бербей турган болду. Себеби

Шарт боюнча кош бойлуулук жөнүндө суроо оозеки гана берилиши керек. Аялды консулдуктан же чек арадан "атайын тесттен өт" деп эч ким мажбурлай албайт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары виза саясатына жаңы эреже киргизгенин ВВС жазды. Ага ылайык, АКШ мындан ары көз жаруу максатында бара жаткан кош бойлуу аялдарга виза бербейт.

Жаңычылдык 24-январдан баштап күчүнө кирди.

"Мындан ары консулдуктун кызматкерлери туристтик виза үчүн кайрылган аялдарга боюнда бары-жогу же Америкадан төрөө пландары тууралуу суроо бере алат. Ошол эле учурда бул суроо ар бир эле аялга бериле бербейт. Тагыраагы, айрым кош бойлуу аялдар туризм максатында эмес, иш боюнча же ооруп жаткан жакындарына бара жатса, жаңы эреженин аларга тиешеси болбойт", — деп айтылат макалада.

Президент Дональд Трамптын администрациясынын түшүндүрмөсүнө караганда, эреженин негизги максаты — АКШга жарандык үчүн гана төрөөгө баргандарга бөгөт коюу.

Трамп кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектеши мүмкүн. Себеби эмнеде?
Ошол эле учурда шарт боюнча кош бойлуулук жөнүндө суроо оозеки гана берилиши керек. Аялды консулдуктан же чек арадан "атайын тесттен өт" деп эч ким мажбурлай албайт.

Баса, буга чейин АКШнын бийлиги жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жатканы айтылган. Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, тизмеге Кыргызстандан башка Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея өңдүү өлкөлөр да киргизилген. Бирок бул маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу тастыктаган жок.