Токмокто дарыканадан акча уурдай качкан жигиттин жаза мөөнөтү кыскарды

Буга чейин сот Токмокто дарыканадан акча уурдай качкан жаранды күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом акчалай айып салган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. – Sputnik. Чүй облустук соту Токмок шаарындагы дарыканадан акча уурдай качкан Замир Кожокановдун ишин кайра карап, беш жылдык жаза мөөнөтүн 2 жыл 6 айга кыскартып, 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган соттун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин Токмок шаардык соту Кожокановду 2019-жылдын 15-майында Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары, айыпкер 70 миң сом төлөмөр болгон

Мындай чечим социалдык тармакта ар кыл пикирлерди пайда кылып, көбү буга нааразы болгон. Айрым укук коргоочулар менен юристтер дагы "сот чечими катаал чыгып калды" деп чыгышкан. Мындан улам иш кайра кароого жөнөтүлгөн

Окуянын чоо-жайы

Токмокто баласына дары алам деп кесилген кишиге чыккан өкүм туурабы? 6 юристтин ою
2019-жылдын 12-мартында Токмоктун тургуну Кожокановдун балдары ооруп, дары-дармекке акча издеп чыккан. Жолдон досторуна жолугуп, сыра ичкен. Караңгы киргенден кийин "Айболит" деп аталган дарыканага кирген да, акчасы жок экенин айтып, курткасын күрөөгө коюп сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн.

Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип кассадагы акчаны алып алган. Ары жактан чуркап келген сатуучуну түртүп жиберип качып кеткен. Бирок кийинчерээк милиционерге өзү келип, кылганын моюндаган.

Тергөө учурунда камакка алынган Кожоканов менен дарыканачынын айткандары дал келген. Аял жигитти кечирип, аны жазалабоону суранган.

Кожоканов келинчеги менен Токмок шаарынын четинде батирде жашап, курулушта, жеке ишканаларда иштеп келген. Анын кичинекей эки кыз, бир уулу бар.