Милиция: түндө Чүйдөгү айланма жолдон эки киши каза болгон

Жол кырсыгы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында саат 22.00дөр чамасында болгон. Буга чейин окуядан бир киши каза тапканы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылына жакын жерде Volkswagen Jetta унаасы менен Toyota Avensis кагышып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Жол кырсыгы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында саат 22.00дөр чамасында болгон. Буга чейин окуядан бир кишинин көз жумганы айтылган.

Милициянын маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен Volkswagen Jetta унаасынын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү каза тапкан. Дагы жети киши жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Учурда жол кырсыгынын себеби такталууда.