Путин: Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерге 75 миң рублден берилет

Быйыл дүйнөнүн бир топ мамлекети, Россия жана постсоветтик өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын масштабдуу түрдө белгилейт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына Жеңиштин 75 жылдыгына карата 75 миң рублден бериле тургандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адатта Улуу Жеңиштин урматына карата согуштун катышуучуларына 10 миң, ал эми тылда эмгектенгендерге беш миң рублден бериле турган.

Путин Петербург шаарында ардагерлер жана мекенчил жарандардын коомдук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда быйыл бериле турган каражаттын жогорудагы суммасын атаган.

"Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына 75 миң рублден, ал эми тылда эмгектенгендерге 50 миң рублден бөлөбүз", — деген президент.

Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы жөнүндө долбоор башталды
Россия лидери бул өзүн-өзү актай турган кадам болоруна ишеним арткандыгын жана жеңишти өлкө боюнча майрамдоодо ардагерлерге колдоо көрсөткөн иш-чаралар биринин артынан бири өтөрүн айтты.

Быйыл Россия жана постсоветтик өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуштун аякташын — Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын масштабдуу түрдө белгилейт.