Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Казак" кармалды

Ал Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүн түн ортосунда карактаган деп шектелип, ыкчам алынган далилдердин негизинде колго түшүрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Казак" каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков "Казакты" бошоткон судья Айнура Сулайманованы кызматтан кетирди
Билдирүүгө ылайык, ал 17-январда милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1985-жылы туулган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү "Народный" дүкөнүн түн ортосунда карактаган деп шектелип, ыкчам алынган далилдердин негизинде колго түшүрүлдү. Аталган кылмышка катыштыгы бар делип ага чейин эки адам кармалган. Учурда укук коргоо кызматкерлери иликтөө иштерин улантууда.

Буга чейин "Казак" бир нече кылмыштарга, анын ичинде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, иши сотто каралып, үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк анын ишин караган Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова ишиндеги башка алешемдиктеринен улам президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кызматтан алынган.