БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Жаракат алган илбирсти Таластан Бишкекке алып келишти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.
Кызыл китепке кирген жаныбарды аталган агенттиктин кызматкерлери кечээ, 9-январда, кармашкан. Жаныбар бакка чыгып, бутактарга тыгылып калган. Жергиликтүү тургундар тарткан кадрлардан илбирстин моюнуна жип ыргытып кармашканын көрүүгө болот.
"Текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Дарыгерлер консилиум өткөрдү, учурда рентген кылышууда. Жаныбардын жаракатын аныктап, ошого жараша дарылайбыз", — деди Рысалиев.
Жергиликтүү тургундардын божомолунда илбирске ок тийген.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда кызыл китепке кирген жаныбарларга ок чыгаргандар 1,5 миллион сомго чейин айыпка жыгылат.