Милиция бир жашар уулун көтөрүп кайыр сураган эркек кишини тапты

Баласын көтөрүп алып айдоочулардан кайыр сурап турган кишинин видеосу социалдык тармактарга тарап, талкуу жараткан. Колдонуучулар машиналар кымгуут каттаган жердеги бөбөктүн коопсуздугуна тынчсызданышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Октябрь райондук милициясы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде бир жашар баланы көтөрүп кайыр сурап жүргөн жаранды тапты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Ал уулу менен ары-бери өткөн автоунаа айдоочуларынан кайыр сурап турган видео социалдык тармактарга тараган. Мындан улам талкуу жаралып, колдонуучулар машиналар кымгуут каттаган жердеги бөбөктүн коопсуздугуна тынчсызданышкан.

Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо
25-сентябрь күнү милиционерлер ата-балага кезигүү үчүн аталган жерге барып, бирок аларды таппай койгон. Эртеси күнү Бишкектин түштүк тарабындагы кичи райондорун жөө кыдырып, балалуу кайырчыны табышты.

Ал 41 жаштагы Бишкектин тургуну болуп чыкты. Жубайы экөө төрт баланы тарбиялашат экен.

Социалдык кызматкерлер үй-бүлөнүн турмуш шарты менен таанышуу үчүн үйүнө кетишти.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.