Ош облусунда алты ай ичинде жол кырсыгынан 52 адам каза болду

Облуста жарым жыл ичинде 261 жол кырсыгы катталган.
Sputnik

ОШ, 16-июл. – Sputnik. Ош облусунун аймагында жыл башынан бери катталган жол кырсыктарынын кесепетинен 52 адам каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Айжигит Зикиров "Рулда" аталышындагы рейд учурунда Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунун аймагында алты ай ичинде 261 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 52 адам каза болуп, 434 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага кайрылган.

"Кара-Суу районунда 111 жол кырсыгы катталып, 17 адам каза болду. 184 адам ар кандай жаракат алган" — деди Зикиров.

Оодарылган, кагышкан унаалар... Чолпон-Атадагы эки күндүк рейддин жыйынтыктары
Ош облусунун аймагында облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан уюштурулган "Рулда" деген аталышта рейд өткөрүлдү. Рейд учурунда жол эрежесин бузган жалпы 416 факты катталды. Алардын ичинен мас болуп машина айдаган - 4, айдоочулук күбөлүгү жана документи жок рулда отурган – 6 факты кездешти.   

"Бул иш-чара облус аймагындагы жети райондун баарында өткөрүлдү. Башка райондорго салыштырмалуу Кара-Суу районунда унаа кырсыгы көбүрөөк катталгандыктан, аталган районго өзгөчө көңүл бурулду", – деди Зикиров.

Ал жол белгилери жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү сызыктар баары жайында экендигине карабастан, айдоочулар жол эрежесин бузуп жатканын кошумчалады.