БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Борбор калаада май куюучу жайдын жанында кичи автобус өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык бүгүн, 16-июнда, Орозбеков менен Түгөлбай Ата (мурдагы Линейная) көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Өрт толугу менен саат 10:45те өчүрүлгөн. Жалынды өчүрүүгө бир унаа тартылган.