Кыргызстандыктар бир топтон бери нормага жеткире эт жей элек. Статистика

Өкмөт бекиткен өлчөмдөргө караганда, ар бир кишиге айына 5 килограммдан кем эмес эт керек.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, кыргызстандыктар 1991-1992-жылдары этти көп жеген.

Тактап айтсак, 1991-жылы ар бир кыргызстандык бир ай ичинде орто эсеп менен 2,8 килограмм эт жесе, бул көрсөткүч бир жылдын ичинде 100 граммга азайган.

Кыргызстан Россияга эмне сатат? 314 млн. долларлык товардын тизмеси
Негизи эле 1995-жылга чейин мекендештер бир айда 2 килограммдан аз эт жечү эмес. Анткен менен 1996-жылдан тарта бир дагы жолу бул көрсөткүчкө жете алган жок.

Улуттук статистика комитети 2017-жылга чейинки маалыматты жарыялады.

Ага көз салсак, ушул убакка чейин кыргызстандыктар эт жана эт азыктарын нормага жеткире жеп көрө элек. Өкмөт бекиткен өлчөмгө караганда, ар бир киши жылына 60, айына 5 килограммдан эт жеши керек.