Имамдар менен чиркөө кызматкерлери футбол ойноду. Күтүлбөгөн жыйынтык

Матч Кант шаарында өттү. Оюн талаасында эки диндин өкүлдөрү жарышты.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кант шаарында имамдар менен чиркөө кызматкерлери футбол ойноду. Бул туурасында ЖККУнун "Кант" аба базасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Матч Нооруз күнү, 21-мартта, болгон. Оюнду өткөрүү демилгесин Куралдуу күчтөр менен кызматташуу боюнча иш алып барган епархиалдык бөлүмдүн жетекчиси Евгений Циклаури менен "Азери" мечитинин имамы Мухаммад Дургалов көтөргөн.

Аба базадан дин кызматкерлери спорт эл менен диндер ортосундагы достукту бекемдөөчү көпүрө экендигин өздөрүнүн мисалында көрсөткөндүгүн билдирди.

Оюнга Чүй облусундагы мечиттер менен чиркөөлөрдүн 30-57 жаш курагындагы кызматкерлери катышкан. Бир саат топ тепкен дин өкүлдөрүнүн мелдеши 0:0 эсеби менен аяктады.

"15 мүнөттөн болгон 4 таймдан кийин деле эсептин ачылбаганы эч кимдин маанайын чөктүргөн жок. Башкысы дарбазага топ киргизүү эмес, оюндан ырахат алып, эки диндин өкүлдөрүнүн биргелешип иштөөгө даярдыгын көрсөтүү эле", — деп айтылат маалыматта.

Оюндун соңунда ЖККУнун "Кант" аба базасынын эстелик грамоталары тапшырылды. Кийинки кездешүү Жеңиш күнүндө болмокчу, эми анда дин адамдары шашки ойнойт.