БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Павлодардан келген Сания Темерханова "Казак аруы" сынагынын баш байгесин жеңди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Ал чыгармачылык жана интеллектуалдык сынактан ийгиликтүү өткөн. Биринчи орунду карагандалык Айханым Орынбекова, экинчини астаналык Анна Вайдурова алды. Үчүнчү орун павлодарлык дагы бир сулуу Сая Турсынбековага буюрду.
Жеңүүчүнүн таажысын кийген Сания Темерханова акын жана жазуучу Мукагали Макатаевдин жүздөгөн чыгармаларын жатка билерин айтып, калыстардын купулуна толду. Анын сөзүнүн чын-бышыгын билгиси келген алып баруучу бир нече чыгарманын башын баштап берди. Катышуучу болсо бардыгын улап кете алды.
"Сынакка бир ай бою даярдангам. Чыдыгында мында келген ар бир кыз жеңишке татыктуу. Бирок ал мага буюрду. Бул макамды бир жыл бою татыктуу алып жүрө алам деп үмүт кылам", — деди Темерханова.
"Казак аруы" — казакстандык продюсер Баян Алагузова уюштуруп келген сулуулар сынагы. Ага өлкөнүн булуң-бурчунан 16-22 жаштагы кыздар катыша алат. 2019-жылы ал тогузунчу жолу өттү.