Канча депутат кайсы эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык алган? Тизме

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкө башчынын сыйлыктар тууралуу соңку төрт Жарлыгына саресеп салып жатып, тизмеден депутаттарды да учурата алды. Бир жарым жылга жетпеген убакта 25 эл өкүлү мамлекеттик сыйлыкка ээ болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Юрист Кайрат Осмоналиев депутат Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси мыйзамсыз берилгенин айтып, бул боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысына кат жолдогон болчу.

"Ак Шумкар" өзгөчө белгисин жасаганга канча каражат сарпталары айтылды
Депутаттын сыйлыкка ээ болуусу коомчулукта талаш-тартыш пикирлерди жараткан. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги соңку убакта мамлекеттик сыйлык алган депутаттарды тизмектеди.

Белгилей кетсек, Икрамовдун сыйлыгы ведомстволук сыйлык катары эсептелинет.

Биз өлкө башчынын сыйлыктар тууралуу соңку төрт Жарлыгына саресеп салдык. Анда ар бир эл өкүлү кайсы эмгеги үчүн сыйланганы жазылган. Тизмеден депутаттарды да учуратууга болот.

Эмгек сиңирген ишмерден экөө

Документ 2017-жылы 14-ноябрда кабыл алынган. Жарлык тууралуу кыскача: "Өлкө аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана экономиканы бекемдөөгө кошкон жигердүү салымы үчүн".

  • "Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы — Айтмамат Назаров ("Кыргызстан" фракциясы);
  • "Өнөр жай тармагына эмгек сиңирген кызматкер" ардактуу наамы — Марат Аманкулов (КСДП).

Сыйлангандардын катарында Иса Өмүркулов жана Искендер Матраимов бар

Жарлыкка 2017-жылы 20-ноябрда кол коюлган. Мазмуну: "Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкону жана социалдык реформаларды, ошондой эле ишиндеги профессионалдуу жетишкендиги үчүн".

"Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген ишмери" ардак наамы — Искендер Матраимов (КСДП);

Кыргызстандын бирден-бир ири мамлекеттик сыйлыгы

Жарлык 2018-жылдын 30-августунан бери ыйгарылып келет. Мазмуну: "Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги профессионалдык жетишкендиктери үчүн". Ошондой эле Эгемендик күнүнүн урматына ыйгарылат.

Белгилей кетсек, "Манас" орденинен кийин "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы гана бар.

Сыйлык алгандардын арасында "уялчаак" депутат Жолдошбаев бар

Жарлыкка былтыр 31-декабрда кол коюлган. Кыскача түшүндүрмөсү: " Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана ишиндеги профессионалдык жетишкендиктери үчүн берилет".