Алтыбаева Айнуру Тойчиевна. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Айнуру Алтыбаева. Архив
Депутат Айнуру Алтыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айнуру Алтыбаева 1958-жылы 28-февралда Ош шаарында туулган. Билими жогору. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин, 1998-жылы юридикалык факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1979-1997 — Ош облустук аткаруу комитетинин кызматкери
  • 1997-2006 — КРдин Мамлекеттик салык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө адис
  • 2006-2007 — "Ата ЛТД" ЖЧКнын директору
  • 2007-2008 — КР Социалдык фондунун төрагасынын кеңешчиси, Свердлов райондук Социалдык фонддун жетекчисинин орун басары
  • 2008-2010 — Жогорку Кеңеште кеңешчи 
  • 2010 —"Аялдар Кеңеши" коомдук бирикмесинин башчысы, "Биримдик" демократиялык партиясынын төрайымы лидери. 
  • октябрь, 2010 — "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы 
  • октябрь, 2015 — КСДП саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0