Шаршемби күнү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылына курулган мектепти тааныштыруу үчүн журналисттерди алып барган. ЖМК өкүлдөрү ал имараттын дубалдарында жарака кеткенин байкап калышкан. Агенттиктин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова менен Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Арсланбек Шамырбеков ал тууралуу маалыматты жарыялоого каршы болгон. Ортодо пикир келишпестик жаралып, бараткан маршруткадан журналисттерди түшүрүп салышкан.
Журналист Жусупбек Кошмат уулу башында мэриянын маалымат кызматы журналисттерди Ош облусу менен шаардын башкы план боюнча түшкөн имараттарын адистер текшерет деп чакырышканын айтат. Бирок андай болбой Капиталдык курулуш башкармалыгы курган имараттарды тааныштырууга алып кеткен.
"Мектепке киргенде эле коридордун 7-8 жеринен чоң жарака көрүндү. Класстарга кирсек жылуулугу иштебейт экен, окуучулар курткачан отурат. От казандарын карап жатсак Мамкурулуштун маалымат катчысы Айсулуу Исабекова "эмнеге анчалык текшересиңер?" деп пикир келишпестик жаралды. Кайтканда биз маршрутка менен, алар башка машинада кеткен. Бир чакырымдай жүргөндөн кийин токтотту. Аларга болгонун болгондой тартканыбызды айтсак, "анда өзүңөрдүн унааңар менен келбейсиңерби" деп түшүрүп салды. Үч журналист, эки оператор болуп жолдо калдык. Кайра 20 мүнөттөн кийин кайтып келгенде чыкпай койдук. Өзүбүздүн унааны чакырып койгонбуз", — деди ал.
Ал эми маалымат катчы Айсулуу Исабекова журналисттердин маанайы агрессивдүү болгонун белгилеп, кемчиликке эле басым жасай бербей, жакшы жактарын да карагыла деп кайрылганын айтууда.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын Ош облусу боюнча жетекчиси Марклен Медетов маалымат катчы Исабекова да түзүлгөн жагдайдан кабары жок болгондуктан мектептин жаракаларын кемчилик деп ойлоп алганын айтып, жетектөөчү адиске чара колдонууну ойлонуп жатканын билдирди.
Деген менен ал журналисттерди таң калтырган имараттагы жаракалар эч коркунуч жаратпайт деп ишендирүүдө.
"Мектеп беш блоктон турат. Аны деформациялык бириктирүү жолу менен курушкан. Башкача айтканда, ар бир блоктун дубалы бөлүп-бөлүп тургузулган. Ошол уланган жерден беш сантиметрдей аралык бош калат да шыбак менен шыбалып жабылат. Мындай жаракалар боло берет. Эч кандай зыяны жок, кооптуулук жаратпайт. 2014-жылы окуу корпусу бүтүп пайдаланууга берилген, быйыл спорт залы курулуп бүттү", — деди ал.
Окуу жайды "Памир-Жол" курулуш кампаниясы курган. Анын директору Бакыт Камалов мектеп толугу менен бүтпөгөндүктөн мамлекетке тапшырып бере электигин билдирди.
Кара-Суу районунун "Кызыл-Ордо" мектеби 320 окуучуга ылайыкташкан. Анын курулуш иштери башталганына быйыл тогуз жыл болду.