Борбор калаада журналисттердин көйгөйүн талкуулаган жыйын өтөт

Кыргызстандын медиа айдыңдагы коопсуздугу жана бул жаатта телеканалдардын ролу боюнча да пикир алмашуу жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна арналган медиафорум өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлашты.

"Кыргызстандын медиа айдыңдагы коопсуздугу жана бул жаатта телеканалдардын ролу талкууланат. Андан сырткары, журналисттердин кооптуулук абалга кабылбашы, анын алдын алуу туурасында пленардык дискуссиялар жүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги уюштурууда.