Ош шаарына жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштайт

Шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин айрымдары 29-октябрдан тарта жылытыла баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы социалдык объектилер менен көп кабаттуу үйлөргө 1-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бишкекте көмүр канчадан сатылып жатат? Кара алтындын баасына саресеп
Ага ылайык, тийиштүү буйрукка калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Шаардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин айрымдары 29-октябрдан тарта жылытыла баштаган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына жылуулук 18-октябрдан тарта берилген.

Ал ортодо Нарын шаарынын борбордук бөлүгү он күнгө жылуулуксуз калды.