Бишкекте көмүр канчадан сатылып жатат? Кара алтындын баасына саресеп

© Sputnik / Бактияр БердибековЦены на уголь в Бишкеке
Цены на уголь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидромет бүгүнтөн баштап өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаай турганын маалымдады.

Күн муздаса эле көмүр кампаларында кезек көбөйүп, кара алтынга болгон суроо талап да өсөт. Учурдан пайдаланып ортомчулар дароо бааны көтөрө калышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги калаадагы айрым көмүр кампаларын жана майда көмүр саткан жайларды кыдырып бааларын сурап билди.

Бишкектеги көмүр кампаларынын көбү Мурманский көчөсүндө жайгашкан. Дээрлик бардыгында Кара-Кече көмүрү сатылат. Баасы ар кайсы кампада ар кандай, көпчүлүгүндө тоннасы 3600-3900 сомдон кем эмес. 

© Sputnik / Бактияр БердибековУчурда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 3600-3900 сомго чейин сатылууда
Цены на уголь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Учурда Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 3600-3900 сомго чейин сатылууда

Аба ырайы жылуу кезинде баргандыктанбы же көмүр кампалары көп болгондуктанбы, айтор узун кезекке тизилген алуучуларды деле көрө алган жокпуз. Арасында баага нааразы болгон кардарлар бар экенин байкадык.

"Көмүрдүн баасы күн сууктаган сайын көтөрүлөт. Кечээ эле 3500 сомдон сатып жатышты эле, бүгүн 3700-3800 болуп калыптыр", — деди көмүр алып жаткан калаа тургуну Үсөн Бегишев.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Омошевдин айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бекитип берген баасы боюнча Кара-Кеченин өзүнөн көмүрдүн бир тоннасы 1300 сомдон чыгат. 

© Sputnik / Бактияр БердибековЭлге сатылып жаткан кара алтындын туруктуу баасын бир дагы маморган ишкерлерге бекитип бербейт
Цены на уголь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Элге сатылып жаткан кара алтындын туруктуу баасын бир дагы маморган ишкерлерге бекитип бербейт

Бирок Бишкекке келгенде аны ишкерлер эки-үч эсе кымбат сатышат. Кызыгы, элге сатылып жаткан кара алтындын туруктуу баасын бир дагы маморган ишкерлерге бекитип бербейт. Ар бир ишкер наркты өзү коет. Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бааны көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн атайын токтому чыгышы керектигин маалымдады.

Кара-Кечеден көмүр ташып келгендер болсо өздөрүнө аз эле акча түшөрүн айтып, көпчүлүк каражат күйүүчү май, айдоочунун акысы сыяктуу майда-чүйдө кызматтарга жумшаларын билдиришти.

Көмүр кампаларындагы сатуучулардын бири Чолпонбай Алымкулов көмүрдүн баасына нааразы болгондор баарына өздөрү күнөөлүү дейт. 

© Sputnik / Бактияр БердибековКара-Кечеден көмүр ташып келгендер көпчүлүк каражат күйүүчү май, айдоочунун акысы сыяктуу майда-чүйдө кызматтарга жумшаларын айтты
Цены на уголь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кечеден көмүр ташып келгендер көпчүлүк каражат күйүүчү май, айдоочунун акысы сыяктуу майда-чүйдө кызматтарга жумшаларын айтты

"Күн жылууда тоннасы 3000 сомдон сатылып жатканда эч ким албайт. Мына азыр күн ачык, чакырсаң да эч ким келбейт. Эртең кар жаап салса, кезекке туруп араң алып кетишет, анан бааны көтөрүп жибердиңер деп нааразы болушат. Жол тайгак болуп, айдоочулар күндөп-түндөп узун жолдо унаа менен тонналап көмүр ташыйт. Ал жактан барып эле жүктөп кетпейт, кезекке турушат, суукта дөңгөлкөтөрү жарылат. Мунун баарын эсепке алуу зарыл", — деди Алымкулов.

"Кыргызкөмүр" ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Омошев быйылкы жылга көмүр жетиштүү экенин айтты. 

© Sputnik / Бактияр Бердибеков"Кыргызкөмүр" ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Омошев: бүгүнкү күндө 583 миң тонна көмүр калкка берилди
Главный специалист Кыргызкомура по топбазам Нурлан Омошев - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызкөмүр" ишканасынын пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Омошев: бүгүнкү күндө 583 миң тонна көмүр калкка берилди

"Өкмөттүн токтомуна ылайык, быйыл жалпы 2 миллион 300 миң тонна көмүр даяр болушу керек. Анын 1 миллион 83 миң тоннасы калктын керектөөсүнө жумшалса, 1 миллион тоннасы ТЭЦке, 246 миң тонна көмүр бюджеттик социалдык мекемелерге жумшалат. Ал эми 1 миллион 83 миң тоннасы элге керектөөгө берилет. Бүгүнкү күндө 583 миң тонна калкка берилди", — деди Омошев.

Кардарлардын арасында Казакстандын көмүрүнө кызыккандар да жок эмес. Бирок анын баасы жергиликтүү Кара-Кече көмүрүнө салыштырмалуу бир аз кымбат. Учурда Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасы 4100 сомдон, ал эми Шабыркүлдүн бир тоннасы 4200 сомдон бааланууда. 

© Sputnik / Бактияр БердибековУчурда Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасы 4100 сомдон, ал эми Шабыркүлдүн бир тоннасы 4200 сомдон бааланууда
Цены на уголь в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Учурда Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасы 4100 сомдон, ал эми Шабыркүлдүн бир тоннасы 4200 сомдон бааланууда

Бишкектин батыш бөлүгүндөгү "Кара жыра" көмүр кампасынын жетекчиси Шерзот Ахмедов акыркы эки жылдан бери Казакстандан мурдагыдай көмүр көп келбей калганын айтты.

"Учурда кампада миң тонна көмүр бар. Жакында дагы 15 вагон менен миң тонна көмүр келиши күтүлүүдө. Акыркы эки жылдан бери вагондордун жетишсиздигинен көмүр мурункудай көп келбей калды. Анткени Казакстанда өздөрүнө вагон жетишпей жатат, бизде башынан эле тартыш. Жергиликтүү көмүрдөн кымбат болгон себеби, биздики 2000 чакырым алыстыктан келет, ал эми Кара-Кеченикин 200 чакырым эле алыстыктан алып келишет. Айырмасы 300-400 эле сом. Бизде баа дайыма туруктуу. Анын үстүнө дайыма монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги келип текшерип турат. Былтыр өкмөт башчы тапшырма бергенде жумасына үч жолу келип текшеришчү", — деди Ахмедов.

Тонналап көмүр алгандардан дагы кап-кап менен алган шаардыктар көп экен. Учурда Кара-Кече көмүрүнүн бир кабы 200 сомдон, Шабыркүл менен Кара-Жыраныкы 250 сомдон сатылып жатат. 

© Sputnik / Бактияр БердибековТонналап алгандардан дагы кап-кап менен көмүр алган шаардыктар көп экен
Цены на уголь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тонналап алгандардан дагы кап-кап менен көмүр алган шаардыктар көп экен

Бишкек шаарындагы көмүр сатылган жайлардын даректери:

Ленин району

"Ак-Жол" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №1а;
"Торг-Синтез" ЖЧКсы, Мурманск көчөсү, №59а;
Гагарин көчөсү, 67;
Гагарин көчөсү, 86;
Баррикадный туюк көчө;
Саранск туюк көчө;
Гагарин көчөсү, 59
Гагарин көчөсү, 61а
Гагарин көчөсү, 63
Гагарин көчөсү, 67
Гагарин көчөсү, 84

Биринчи Май району

"Ак босого" жаңы конушу;
Кызыл-Кыя көчөсү, 170;
Щербаков көчөсү, 121;
Саадаев — Чүй проспектиси, 56;

Свердлов району

"Восход и К" ишканасы, Достоевский көчөсү, 1;

Октябрь району

"Торго-Синтез" ишканасы, Төкөлдөш жаңы конушу, "Аламүдүн" станциясы;
Көмүр сатылган жайлардын даректери "Кыргызкөмүр" ишканасынан алынды. Ишкана өкүлдөрү учурда көмүр саткан ишкер, сатуучулардын телефон номерлери тез-тезден алмашып кетип жатканын айтып, тизме жаңыланып, толукталып турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0