Нарын шаарынын бир бөлүгү он күнгө жылуулуксуз калды. Себеби

© SputnikЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулукту 10-ноябрдан тарта берүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Нарын шаарынын борбордук бөлүгүнүн суу түтүктөрү алмаштырылып жаткандыктан жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу шаардын мэриясынан кабарлашты.

Учурда Жумамүдүн Шералиев көчөсүндө казуу жана түтүктөрдү жаткыруу иштери жүрүп жатат.

"Бүгүнкү күндɵ таза суу түтүктɵрүнүн 85 пайызы алмаштырылып, дагы 200 метрден ашык казылуучу жер калган. Ошондон кийин таза суу жаӊы түтүктɵр аркылуу берилет", — деп айтылат маалыматта.

Бирок алмаштыруу иштери башталгандан бери эскилиги жеткен таза суу түтүктɵрү улам бир жеринен жарылып, ичүүчү сууну берүү үзгүлтүккɵ учурап, элге ыңгайсыздык жараткан.

Андыктан оңдоо иштерине жолтоо кылбоо үчүн 29-октябрдан 10-ноябрга чейин шаардын Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жол аймагына чейинки жердеги жылытуу системасы убактылуу токтотулду.

"Бул мезгил аралыгында Шералиев кɵчɵсүндɵгү калган таза суу түтүктɵрү жаӊысына алмаштырылат. Адистердин айтымында, эгер бул маселени азыр чечип албаса суу түтүктөрү кышында жарылып чоӊ кɵйгɵйлɵр жаралат", — деп айтылат мэрия тараткан билдирүүдө.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаан карга айланабы? Бир жумага карата аба ырайы
Жылуулук берүүнү убактылуу токтотуу чечими алдыдагы эки жуманын аба ырайын, окуучулардын күзгү каникулун жана ноябрь айынын башындагы майрамдык эс алуу күндɵрүн эске алуу менен кабыл алынган. Ошондой эле жылуулук берүү Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жол аймагына чейинки Валерий Чкалов, Токтогул Сатылганов, Эсенгул Ибраев, Кычан Жакыпов, Жумамүдүн Шералиев атындагы мектептерде, "Ынтымак", "Бактылуу балалык" балдар бакчаларында, 102, 103, 75, 79-үйлɵрдɵ, Чек ара аскер бɵлүгүнүн, батальондун үйлɵрүндɵ жана төрт мекемеде токтотулат.

Нарын шаарынын жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиевдин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маалыматы боюнча алардын карамагында 31 от казан бар. Учурда анын 21 токтотулуп, 10у иштеп жатат.

Аталган мекеме бүгүнкү күнү 2020 абонентти жана 49 мекеме-ишкананы тейлейт.

Мэриядан суу түтүктөрүн алмаштыруу Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын "Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун" алкагында ишке ашып жатканын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0