Депутат Акылбек Жамангулов MegaCom компаниясынын жетекчиси болду

Тийиштүү буйрукту Мамлекеттик мүлк фонду чыгарган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эл өкүлү Акылбек Жамангулов "Альфа Телеком" (MegaCom) компаниясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөгү ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик мүлк фонду эл өкүлүн MegaCom ишканасына жетекчи катары дайындоо боюнча буйругун чыгарган.

Акылбек Жамангулов Жогорку Кеңешке "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген. 

Белгилей кетсек, Жамангулов 1988-жылы 24-октябрда Кеминде жарык дүйнөгө келген. Бир уул, бир кыздын атасы.