Бишкектин борбордук аянтында эки унаа кагышып кетти. Сүрөт

Күбөнүн айтымында, дарыгерлер эки айдоочуну тең ооруканга алып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкектин Чүй проспектиси менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit менен Lexus RX үлгүсүндөгү унаа кагышып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

1 / 3
Бишкектин Чүй проспектиси менен Раззаков көчөсүнүн кесилишинде Honda Fit менен Lexus RX үлгүсүндөгү унаа кагышып кетти
2 / 3
Жол кырсык 4-сентябрь күнү эртең менен саат 8.30дарда болгон
3 / 3
Жерине келген Тез жардам эки айдоочуну тең ооруканага алып кеткен.

Анын айтымында, жол кырсык 4-сентябрь күнү эртең менен саат 8.30дарда болгон. Жерине келген Тез жардам эки айдоочуну тең ооруканага алып кеткен.

Бишкекте унаа коюп кетип, аял каза болду
Бишкек шаардык ЖКККББ жол кырсыгы болгонун ырастап, айдоочулар оор жаракат алышпаганын билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып алгандыктан кагышуу болгон.

Учурда тийиштүү материалдардын бардыгы тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, керектүү экспертизалар дайындалды.