Бишкек: күйүп жаткан троллейбус, далбастаган өрт өчүрүүчүлөр. Видео, сүрөт

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, жалын аккумулятордын зымдарынан чыккан учкундан пайда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаанын Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде кетип бараткан №17 каттамдын троллейбусу күйдү. Бул туурасында окуяга күбө болгон киши кабарлады.

ӨКМдин маалымат кызматынан коомдук транспорттун күйгөнү боюнча маалымат 16.08те түшүп, жалын 12 мүнөттөн кийин өчүрүлгөндүгүн айтышты. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, жалын аккумулятордун зымдарынан чыккан учкундардан пайда болгон.

ӨКМ жабыркагандар жоктугун кошумча кабарлады.

Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаковдун айтымында, каттамга чыгаар алдында траспорт кароодон өткөн. Техникалык кызматкерлер окуянын кесепетин тактап жана аны оңдоп жатышат.

Буга чейин Боом капчыгайында MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа күйүп кеткен.

1 / 3
Борбор калаанын Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде кетип бараткан №17 каттамдын троллейбусу күйдү
2 / 3
ӨКМдин маалымат кызматынан коомдук транспорттун күйгөнү боюнча маалымат 16.08те түшүп, жалын 12 мүнөттөн кийин өчүрүлгөндүгүн айтышты
3 / 3
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, жалын аккумулятордун зымдарынан чыккан учкундардан пайда болгон.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.