Кытайга барган Ким Чен Ын жаз, бакыт туурасында айтты. Алгачкы сапардан сүрөт

Си Цзиньпин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынды Дяоюйтай резиденциясындагы сый тамак учурунда Пекинге кийин дагы жубайы менен келип кетүүгө чакырды
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Пекинге келгенде "бул жаз бакытка толуп тургандыгын" айткан. Сапар туурасында РИА Новости Кытай ТИМинин тараткан маалыматына таянып кабарлады.

Эске салсак, 25-27-мартта Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын аялы менен Кытайга келип кеткен.

"Бакыт менен үмүткө толгон бул жазда Кытай компартиясынын баш катчысы менен болгон алгачкы жолугушуу Кытай менен Түндүк Корей элдик демократиялык республикасына достугунун жемишин берет деп ойлойм. Андан сырткары, дүйнөгө, анын ичинен Корей жарым аралын туруктуулук менен камсыздайт деп ишенем", — деп айткан.

Кытай жетекчиси Си Цзиньпин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынды Дяоюйтай резиденциясындагы сый тамак учурунда Пекинге кийин дагы жубайы менен келип кетүүгө чакырган.

"Кореянын Эмгекчилдер партиясынын катчысы Ким Чен Ын менен анын жубайы Ли Соль Чжуну Кытайга дагы келип кетүүгө чакырам", — деген Си Цзиньпин.

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр
Кытай лидери бул резиденция эки өлкөнүн достугуна далай ирет күбө болгондугун айтып, мурдагы лидерлердин жылуу мамилесин эскерген.

Түндүк Корея лидеринин бул сапары дүйнөнүн бир топ мамлекеттерин түйшөлтүп, суроолорду жаратууда.

Ким Чен Ын бийликке 2011-жылдын соңунда атасы Ким Чен Ир кайтыш болгондон кийин келген. Бул ошондон бери жасалган алгачкы чет элдик сапар болуп саналат.

Япониянын премьери Синдзо Абэ Токио Түндүк Корея лидеринин Пекинге барганына абдан кызыгып жаткандыгын жана Кытайдан бул боюнча түшүндүрмө күтүп жатканын билдирген.