Бишкекте милиционерлер өрттү кол менен өчүрдү. Күбөнүн видеосу

Күбөнүн айтымында, 20-мартта Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кургак чөп күйгөн
Sputnik

Ош: базардагы милиция бөлүмүнө өрт өчүрүүчүлөр кире алган жок. Машыгуунун сүрөттөрү
Бишкекте милиционерлер өрттү өчүрүп калышканын Sputnik Кыргызстан агенттиген күбө билдирди.

Анын айтымында, 20-мартта Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кургак чөп күйгөн. Видеодон милиция формасын кийген кишилер жалынды унаанын ичине салынчу төшөмөл менен чапкылап өчүрүп жатканын көрүүгө болот.

Бишкек милициясынын маалымат кызматы алар мобилдик батальондун кызматкерлери экенин билдирди.

"Биздин кызматкерлер өз аймагын көзөмөлдөп жүрүп кургак чөп күйүп жатканын көрүшкөн. Ошол жерде өскөн карагайларды сактап калуу үчүн унаага салынган төшөмөлдөрдү суулап барып, жалынды улам чапкылап жатып өчүрүшкөн. Кийин өрт өчүрүү кызматын чакырышкан", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин маалымат кызматы да аталган аймакта өрт чыкканын тастыктады. Тамекини өчүрбөй таштап кеткендиктен өрт тутанып, 400 чарчы метр кургак чөп күйгөн. Өрт өчүрүү кызматы барганда ал жерден милиционерлерди көрбөгөнүн айтышты. Өрт жөнүндө маалымат саат 16.53тө түшүп,  17.20да өчүрүлгөн.