Улуттук рекорд! Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалды

Боорсок эки сааттын ичинде даяр болду
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Жаркынай Кудаярова билдирди.

1 / 6
Бүгүн Бишкекте 800 килограмм боорсок жасалып, улуттук рекорд коюлду
2 / 6
Нооруз майрамына арналган боорсок фестивалында уюштуруучулар алгач 700 килограмм боорсок бышырууну көздөп жатышкан
3 / 6
Боорсоктун камырын Бишкектеги муниципалдык нан бышыруу жайы жууруп, ачытып берди
4 / 6
Ал эми шаардыктардан турган 10 команда боорсокту эки сааттын ичинде бышырып бүттү
5 / 6
Боорсоктордун бир бөлүгү келген конокторго таратылып, экинчи бөлүгү балдар үйлөрүнө жеткирилгени жатат
6 / 6
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага конок болуп жалпы жонунан 1,5 миңге жакын киши келди.

Нооруз майрамына арналган боорсок фестивалында уюштуруучулар алгач 700 килограмм боорсок бышырууну көздөп жатышкан.

"Боорсоктун камырын Бишкектеги муниципалдык нан бышыруу жайы жууруп, ачытып берди. Ал эми шаардыктардан турган 10 команда боорсокту эки сааттын ичинде бышырып бүттү", — деди Кудаярова.

Күлкүгө, жылмаюуга, шаттыкка бөлөнгөн Бишкек. Нооруз майрамынан сүрөттөр
Анын айтымында, боорсоктордун бир бөлүгү келген конокторго таратылып, экинчи бөлүгү балдар үйлөрүнө жеткирилгени жатат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарага конок болуп жалпы жонунан 1,5 миңге жакын киши келди.

Белгилей кетсек, 11-мартта Кыргызстанда бир тонна 462 килограмм бешбармак жасалып, Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракеттер болгон.