"Ала-Тоо" борбордук аянты жана Чүйдүн Жаш Гвардия проспектисине чейинки аралык ар кыл түстөгү электр лампалары менен кооздолду. Борбордук көчөгө кызыл-тазыл 10дөн ашык ири такталар орнотулган.
Борбордук аянтта майрамдык концерт өттү. Сахнага өнөрпоздор — бийчилер, ырчылар, музыканттар чыкты. Кыргызстандыктардын көңүлүн өзгөчө бурган ырчылар Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиеванын кыргыз тилиндеги созгон обондору болду.
Sputnik Кыргызстан Нооруздан окурмандар үчүн маанай көтөргөн сүрөт түрмөгүн даярдады.

Бийчи кыздар "Ала-Тоо" аянтында концерттик номерди аткаруу алдында

Майрамга арналган салтанатты көргөнү аксакалдар, улуу кишилер да келишти

Алас, алас, ар балээден калас!

Сүмөлөк — Ноорузда жасалуучу негизги даам

Ноорузда күн менен түн теңелип, жер жарылып чөп, желин айрылып сүт чыгат

Бишкектин көп жеринде Нооруз күнү майрамдык иш-чаралар өтөт

Шаардыктарды жана калаа конокторун мэр Албек Ибраимов куттуктады

Чогулган эл Кайрат Примбердиевдин ырын ынтаа коюп укту

Кичинекей бийчилер

Жыл жаңырып, жаңы үмүттөр, жаңы тилектер айтылды

Борбордук аянттагы Нооруз майрамына арналган салтанаттан бир көрүнүш

Чогулган элге сүмөлөк таратылды

"Ала-Тоо" аянтында концерттин көркүн кичинекей бөбөктөр ачты
