Кантта 500 доллар пара менен милиция кызматкери кармалды

Жаран андан милиционер пара талап кылып жатканын айтып, тиешелүү тарапка арызданган
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкери 500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Аларга жергиликтүү тургун милиционер андан пара талап кылып жатканын айтып арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган милиционер Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.