00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:08
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Путин кайра эмделген соң тамчылатма вакцина алууга ыктыярчыларды чакырды

© Фото / POOL / Михаил Метцель / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жазылуу
Россия лидери "Спутник Лайт" вакцинасын сайдыргандан кийин өзүн жакшы эле сезип жатканын айтты. Бул жайда Путин "Спутник V" алган эле.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин коронавируска каршы кайрадан вакцина алды. Бул тууралуу ал өзү Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча борбордун директорунун орун басары Денис Логунов менен жолукканда айткан.
РИА Новости бул туурасында жазып, Россия лидери бул сапар "Спутник Лайт" препаратын сайдырганын кабарлады.
"Бүгүн сиздин жана кесиптештериңиздин сунушу менен кайрадан дагы бир вакцинаны — "Спутник Лайт" препаратын сайдырдым. Бул кайра эмделүү деп аталат", — деген Путин.
Мамлекет башчынын айтымына караганда, процедурадан кийин абалы жакшы.
"Оорутуп же оорутпаганы боюнча айтсам, эки саат мурда сайышкан, эч нерсе деле сезген жокмун. Баары кадыресе эле, абалым да күндөгүдөй", — деген ал.
Путин аны менен катар эле COVID-19га каршы тамчылатма вакцинаны эксперимент жасоо боюнча ыктыярчыларды чакырды.
Россия президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Путин G-20 өлкөлөрүн бири-биринин вакцинасын кабыл алууга чакырды
Логунов бул үчүн макулдугун берип жатып атайын кагазга кол коюу керектигин айтты.
"Сүйлөштүк, сөзсүз кол коюп берем. Бүгүн эле жасайбыз", — деген Путин.
Октябрдын ортосунда Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги Гамалея борбору иштеп чыккан SPRAY 08-Гам-КОВИД-Вак-2021 препаратын клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергени кабарланган. Александр Гинцбург тамчылатма вакцинанын кыйыр таасирлерин таппаганын билдирген.
Эске салсак, Россия лидери Путин буга чейин, 2021-жылдын жайында, коронавируска каршы эки компоненттүү "Спутник V" вакцинасын сайдырган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0