Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Үркүнчиев: туура эмес кадр саясатынан улам күчтүү адистерибизден кол жуудук

© Sputnik / Асель СыдыковаПрезидентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, кадр саясаты боюнча эксперт Тилек Үркүнчиев
Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, кадр саясаты боюнча эксперт Тилек Үркүнчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2021
Жазылуу
Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы, кадр саясаты боюнча эксперт Тилек Үркүнчиев эгемендүүлүк алгандан тарта кадр саясаты туура эмес багытта жүрүп келе жатат деген пикирин айтты.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан баштап эле өткөрүп берүү, улап кетүү жана кадр өстүрүүгө такыр көңүл бурбай келет. Мындай пикирин Тилек Үркүнчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үркүнчиев: туура эмес кадр саясатынан улам күчтүү адистерибизден кол жуудук

Анын айтымында, кадр саясатындагы бирдиктүү системанын жоктугунан өлкө күчтүү адистеринен кол жууп калды.

"Советтер Союзу ыдырап, Кыргызстан өзүн өз алдынча республика деп жарыялаган жылдарда бир топ жакшы иштер болгон. Бирок ошону менен катар эле эң чоң мүчүлүштүктөр кеткен. Алардан ушул күнгө чейин арыла албай келебиз. Эгемендүүлүгүн жарыялаган мамлекет баарын башынан баштоону чечкен да, Союздан калган кадр даярдоо системасын түп-тамырынан бери жокко чыгарган. Бул биздин эң чоң катачылыгыбыз болгон. Анткени демократиялуу өлкөгө кызмат кыла турган кадрларды даярдоочу эч бир механизмдер жок туруп, биз ушул кадамга барганбыз. Жыйынтыгында башкаруучулук кызматтарга тааныш-билишин коюу күчөп, коррупциянын гүлдөшүнө жол ачкан. Чыныгы кесипкөй адистер четте калып, аргасыздан башка мамлекеттерге чыгып кетишкен. Тилекке каршы, бул көйгөйгө бийлик алмашкан сайын деле көңүл бурулбай, азыркы күнгө чейин кесепетин көрүп келебиз", — деди Үркүнчиев.

Ал аталган маселе алгач эле билим берүү тармагында байкалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0