Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Дыканбаев: Балыкчы — Корумду жолунун курулушу качан бүтөрү белгисиз

© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бектурсун Дыканбаев
Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бектурсун Дыканбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Жазылуу
Транспорт жана коммуникация министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бектурсун Дыканбаев Балыкчы — Корумду жолунун курулушу эмне үчүн бүтпөй жатканын айтты.
2015-жылы башталган Балыкчы — Корумду жолу — өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Бул тууралуу Бектурсун Дыканбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Дыканбаев: Балыкчы — Корумду жолунун курулушу качан бүтөрү белгисиз
Анын айтымында, аталган трассанын курулуш иштери 80 пайызга аяктаган.
"Балыкчы — Корумду жолунун жалпы аткарыла турган жумушу 4 миллиард 617 миллион сомго бааланып, мамлекеттик "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 4 миллиард 409 миллион сом менен каржыланган. Азыр 104 чакырым жолдун 84 чакырымына асфальт төшөлүп бүткөн. 2020-жылы эпидемиологиялык абалга байланыштуу азыркы күндө акча тартыш болуп жатат. Ал эми Талас — Тараз — Суусамыр жолуна салынган жалпы инвестиция 49 жарым миллион АКШ долларын түзөт. Жолдун узундугу 200 чакырым. Талас шаарына чейинки 105 чакырымында жумуштар бүткөн. Калган 95 чакырым аралыкка каражат чогултуу иштери жүрүп жатат", — деди Дыканбаев.
Адис каражаттын жетишсиздигинен Балыкчы — Корумду жолунун курулуш иштери качан бүтөрү белгисиз экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0