Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилова: үй сатып алууда алданып калган жарандардын укугун коргошубуз керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова курулуш компаниялар менен турак жай сатып алуучулар ортосунда көп көйгөй бар экендигин айтты.
Исмаилова: үй сатып алууда алданып калган жарандардын укугун коргошубуз керек

Турак жай сатып алууда алданган жарандардын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат. Учурда анын үстүнөн курулуш тармагындагы адистер, юристтер жана тиешелүү тараптар менен иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Аида Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоор жакын арада коомдук талкууга коюлат.

"Учурда курулуш бүтө электе акчасын берип, бирок ошол батирге ээ боло албай калган жарандар арбын. Буга чейин алданып калган кардарлардын чогулушуна катышып, көйгөйдү чечүү үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин түшүндүм. Ал жыйындагы кайрылууларды адистер менен кеңешип отуруп, сатып алуучулардын укугун коргоо боюнча мыйзам керек экендигине токтолдум. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна курулуш компаниялардын баштапкы капиталдык нормасын аныктоо, кардарлардын каражатын атайын эсепке түшүрүү, куруучу компания объектини куруп бүткөндөн кийин гана эсептешүүнү жүргүзө ала тургандай тартипти киргизип жатабыз", — деди Аида Исмаилова.

Ошондой эле ал аталган мыйзам долбоорунун ишке ашышына айрым тараптар азыртадан эле каршылык көрсөтүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0