Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташматов: кайра кайтарылбай турган да товарлар бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваӨкмөткө караштуу монополияга каршы кызматынын жетектөөчү адиси Улан Ташматов
Өкмөткө караштуу монополияга каршы кызматынын жетектөөчү адиси Улан Ташматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөткө караштуу монополияга каршы кызматынын жетектөөчү адиси Улан Ташматов керектөөчүлөрдүн укугун коргогон мыйзамдын биринчи максаты сатуучу менен кардардын ортосундагы мамилени жөнгө салуу экендигин айтты.
Ташматов: кайра кайтарылбай турган да товарлар бар

Кайра кайтарылбай турган товарлар бар. Алардын атайын тизмеси түзүлгөн. Бул тууралуу Улан Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай буюмдарга косметикалык каражаттар, ич кийимдер кирет.

"Жакпай же туура келбей калган товарды кайтарып берүүгө ар бир жаран укуктуу. Бирок кайтарылбай турган да буюмдар бар. Алардын атайын тизмеси менен биздин сайт аркылуу таанышсаңыздар болот. Бул тизмеге ич кийим, косметикалык каражаттар кирет. Ошентсе да алардын заводдон чыккандагы мүчүлүштүгү же сапатында кемчиликтер болсо кайтарууга болот", — деди Ташматов.

Ал жарандарды соода-сатык жүрүзүүдө алгач бардык жагынан дыкат текшерип, товарды анан гана сатып алууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0