Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арпачиев: спортчулардын стипендиясы көбөйөт

© Sputnik / Исмаил МамытовЗаместитель директора Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта при правительстве КР Канатбек Арпачиев
Заместитель директора Государственного агентства по делам молодежи, физической культуры и спорта при правительстве КР Канатбек Арпачиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатканын айтты
Арпачиев: спортчулардын стипендиясы көбөйөт

Спортчулардын стипендиясы көбөйөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, спорт жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда.

"Азыркы жобого ылайык спорттун олимпиадалык, дүйнөлүк жана азиялык түрлөрү боюнча мелдештерге катышкан гана адамдар стипендия алышат. Ошондуктан учурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Эгерде демилге колдоо тапса спорттун олимпиадалык эмес түрү менен ийгиликке жеткендер дагы акча алып калышат", — деди Арпачиев.

Ал мындан сырткары, спортчулардын стипендиясы көбөйтүлө тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0