Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган уюмдар. Тизме

© REUTERS / REUTERS TV"Ислам мамлекети" терордук уюмунун мүчөлөрү. Архив
Ислам мамлекети терордук уюмунун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында 21 уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Материалдан толук тизмени таба аласыз.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тыюу салынган диний, экстремисттик жана террордук уюмдардын тизмесин таратты.

Тизмеге киргендер:

  • "Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
  • "Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;
  • "Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары табылган;
  • "Күрт элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына кирген;
  • "Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;
  • "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп саналган;
  • "Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;
  • "Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;
  • "Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
  • "Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
  • "Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
  • "Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;
  • "Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;
  • "Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;
  • "Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;
  • Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
  • "Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;
  • "Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;
  • "Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;
  • "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;
  • "Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0