22:38 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
154 0 0

Өлкөдөгү сайттардын 88 пайызга жакыны шаар жерлеринде жайгашкан чарбалык субъектилерге тиешелүү жана көбүнесе онлайн кызматтарды көрсөтүшөт.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Өлкөдө кыргыз тилиндеги контенти бар интернет-сайттардын саны акыркы беш жыл ичинде өсүп отуруп, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча жалпы сайттардын 27 пайызын түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Ал эми Бишкек шаары боюнча айта турган болсок, борбор калаада кеңсеси жайгашкан сайттардын 61 пайызы кыргыз тилинде дагы маалымат беришет.

Фейк желдей тарап кетүүдө. Министрликтердин сайты кандай иштеп жатат?

"Өлкөдөгү сайттардын эң көп бөлүгү, тагыраагы, 88 пайызга жакыны шаар жерлеринде жайгашкан чарбалык субъектилерге тиешелүү жана көбүнесе онлайн кызматтарын көрсөтүшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жалаң гана кыргыз тилинде маалымат берген сайттардын саны былтыр 554кө жеткен.

Тема боюнча

Финполдун сайты иштебей жатат. Маалымат кызматы себебин түшүндүрдү
Белгилер:
Кыргызстан, сайт, кыргыз тили

ЭҢ МААНИЛҮҮ