Шейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Александр ФедоровТоолор. Архив
Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Эртең, 6-ноябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Чүй жана Талас аймактарында +8…+13, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус жылуу болсо, Ысык-Көл жана Нарында +4…+9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +12…+14 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0