Шашылыш билдирүү! Нөшөрлөп жаан жаап, аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында 22-23-май күндөрү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жизнь людей в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Апта ичинде күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Билдирмеге караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан катуу жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

21-23-майларда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0