Күн сууктайт! Бир жуманын аба ырайына божомол

Жазылуу
Келе жаткан жумада жаан жаап, күн кайра ачылат.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Кыргызгидромет 13 майга чейинки аба ырайынын божомолун таратты.

Жакынкы күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: күн ачык болуп, кайра жаан жаайт. Ал эми апта соңунда күн сууктай турганы айтылды.

7-майда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл менен Нарында гана жаан жаай турганы белгилүү болду.

Чүй облусунда түнкүсүн+5…+10, күндүз +20…+25.

Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +19…+24.

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20.

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23.

8-майда күн ачык болот

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27.

Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +21…+26.

Ош менен Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.

Баткенде түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19.

Нарын дубанында түнкүнүсн +1…+6, күндүз +17…+22.

9-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт

Чүйдө түнкүсүн +7…+12, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Таласта түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+12, күндүз +24…+29.

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25.

Ысык-Көлдө түнкүсүн+2..+7, күндүз 17-22 градус нөлдөн жогору болот.

10-майда күн ачык болот.

Чүйдө түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30.

Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.

Баткенде түнкүсүн +10…+13, күндүз +25…+30.

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+8, күндүз +25ке чейин жылыйт.

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +25ке чейин көтөрүлөт.

11-майда жаан жаабайт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30.

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28.

Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30.

Ысык-Көлдө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25.

Нарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24.

12-13-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0