Күндүн көзү ачылбайт! Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Апта аяктап калганда, 30-31-март күндөрү күн ачылып, абанын температурасы жогорулай баштайт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайы божомолун таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25- март күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарында 23…28 градус жылуу болот. Ал эми 26-марттан 29-мартка чейин аталган аймактарда абанын температурасы 10…15 градуска төмөндөп, жамгыр жаайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 25-мартта күн 23…28 градуска ысып, 26-марттан 29-мартка чейин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 11…16 градуска төмөндөйт.

Ала-Тоо аянтындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелде аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Тоолуу Нарында 25-26-март күндөрү абанын температурасы 12…17 градус жылуу болуп, 27-марттан 29-мартка чейин 7…12 градуска түшүшү божомолдонууда.

Ысык-Көл облусунда болсо, 25-март күнү абанын температурасы 12…17, ал эми 26-марттан 28-мартка чейин 7…14 градус жылуу болмокчу.

Бул күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлүп, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.

Апта аяктап калганда 30-31-март күндөрү өлкөдө күн ачылып, абанын температурасы жогорулай баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0