Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта 1…6, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 4…9 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көлдө 2…7 градус нөлдөн жогору болсо, Нарында —1…-6 градустук суук сакталат.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан-жаап, күндүн табы 2…4 градус болсо, Ошто 8 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0