Шаршембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Aaron Favila / FileКол чатырчан адамдар. Архив
Кол чатырчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Шаршембиде туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы кайсы учурда жылуулук берилерин эскертти
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 9…14 градус, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн 8…10 градуска чейин жылыйт. Ошто болсо күндүн табы 12…14 градуска дейре көтөрүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0