БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Шаар мэриясы үйлөргө качан жылуулук бериле турганын эске салды.
Маалыматка ылайык, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Учурда термометр +14 градусту көрсөтүп турат.
Ал арада Кыргызгидромет октябрдын экинчи жарымында аба муздай турганын божомолдоду. Бишкек менен Чүй облусунда үшүк жүрүү ыктымалдуулугу 70 пайызды түзөт.
Былтыр бишкектиктердин үйүнө жылуулук 14-октябрдан тарта бериле баштаган.