Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

© Sputnik / Табылды КадырбековДосрочное голосование в Жогорку Кенеш
Досрочное голосование в Жогорку Кенеш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсиянын негизги жана камсыздандыруучу бөлүгү көтөрүлөт

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, орто эсеп менен пенсия 516 сомго көбөйүп, 5 517 сомду түзөт. Ошондой эле 5 миң сомго чейин пенсия алгандардыкы 13 пайызга көтөрүлүп, беш миңден жогору алгандардыкы 7 пайызга жогоруламакчы.

Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмгек мигранттарынын пенсия маселеси эмдиги жылы чечилмей болду
Пенсиянын көтөрүлүшү төмөндөгүдөй ыкма менен ишке ашат:

Пенсиянын негизги бөлүгү 1-октябрдан тарта 1 780 сом деп белгиленип, ага 280 сом кошулат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 1,05 коэффициент менен индексацияланып, ал 240 сомдон кем эмес көтөрүлөт. Индексациянын коэффициенти инфляция жана былтыркы айлык акынын өсүшүн эске алуу менен эсептелген.

Биринчи топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын көлөмү пенсионерлердин былтыркы жашоо минимумунан кем болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0